• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Акыйкатчылыктын кызматкерлери психиатрия жана наркология борборуна көчүп барды. Себеби…

2 Бирдин айы 2024 14:17 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институтунун психиатриялык ооруканаларда жаткан бейтаптардын укугун коргоо кызматы Республикалык психиатрия жана наркология борборунун(РПНБ) башкы административдик имаратына көчүп барды. Бул тууралуу институттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, КРнын өкмөтүнүн 2009-жылдагы токтомунун негизинде Акыйкатчы институтунун кызматкерлери үчүн РПНБнын жетекчилиги кабылдамага катарлаш жайгашкан блоктон үч кабинет бөлүп берди.

Институттун кызматкерлери РПНБнын имаратында өз мандаттарына ылайык ишмердигин башташты: катаал жана адамгерчиликсиз мамиле жасоого жол бербеш үчүн туруктуу түрдө мониторинг жүргүзүшөт жана ошондой эле жарандарга юридикалык жардам көрсөтүшөт.

Институттун кызматын РПНБга дислокация кылуу боюнча чечимди КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева бейтаптардын укуктарын коргоону камсыздаш үчүн кабыл алды.
Джамиля Джаманбаева РПНБга барып жана жабык мекемедеги бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты.

Башкы укук коргоочу РПНБнын жетекчилигине көрсөтүлгөн көмөк үчүн ыраазычылык билдирип жана аталган мекемеге кызматтын көчүп келиши боюнча чечим бейтаптардын укуктарынын бузулуп жатканы тууралуу арыздардын азайып кетишине байланыштуу экенин баса белгиледи.

Акыйкатчы институтунун психиатриялык ооруканаларда жаткан бейтаптардын укугун коргоо кызматы буга чейин эле, тактап айтсак, 2009-жылдан 2020-жылга дейре РПНБнын башкы административдик имаратында өз ишмердигин жүргүзүп келген.
Бирок институттун жетекчилигинин чечими боюнча 2020-жылы кызмат Акыйкатчынын имаратына которулган.

“Кызмат Акыйкатчы институтунун имаратына баргандан кийин статистикага таянсак, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун бейтаптарынын укуктары бузулганы тууралуу арыздардын саны кескин түрдө азайып кеткен.
Мисалы, 2019-жылы институтка келгенге чейин кызмат 100 кайрылууну караса, 2023-жылы алардын саны — 8 болду, кыскарып кеткени көрүнүп жатат.
Мындай статистика тынчсызданууну пайда кылат, анткени психиатриалык бузулуулар менен жабыркаган РПНБнын бейтаптары аялуу жана алар катаал мамиле, ал тургай кыйноого кабылып калышы мүмкүн. Мындан улам туруктуу негизде алардын шарттарын мониторинг кылуу аркылуу укуктарын коргоону күчөтүү керек”, — деп белгиледи Акыйкатчы.

Количество просмотров: 430