• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Акыйкатчынын орун басары Жамгырчиева өз арызы менен кызматынан кетти

1 Теке 202216:54 Бишкек Govori.TV

Депутаттар акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиеваны ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алышты.

Буга чейин ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине кайрылган. Ал Акыйкатчынын орун басарлык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну өтүндү. Ал өз арызында аппараттагы «моралдык-психологиялык абалдын чыдамсыздыгынан» улам кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга аргасыз болуп жатканын билдирген.

Бүгүн, 30-июнда анын ыйгарым укуктарын токтотууга 62 депутат добуш берди.

Количество просмотров: 195