• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Акылбек Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга барат

1 Бугу 2024 10:29 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2-3-майда иш сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Жапаров Ташкент шаарында өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынына жана эл аралык инвестициялык форумга катышат.

Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары энергетика жана курулуш тармактарында иш жүргүзгөн эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү жана курулуш объектилеринин башкы пландары менен таанышары күтүлүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны былтыр 16-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн. Анда 2022-жылдын жыйынтыгы менен өз ара товар жүгүртүүнүн өлчөмү 32 пайызга көбөйүп, рекорддук 1 млрд 260 млн долларга жеткени айтылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык саясий талаш жаратып келаткан чек аралары такталып, чечилгенден кийин жандана баштады.

Количество просмотров: 83