• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьери менен сүйлөштү

23 Бугу 2022 10:22 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, анын ичинде гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода көлөмүнүн өнүгүүсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешти.

Количество просмотров: 117