• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акыркы сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды

11 Бештин айы 201910:33 Бишкек Govori.TV

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 11-декабрда билдирди.

Бишкектеги Абдраев көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдөн өрт чыгып, анын чатыры жана ашкана бөлмөсүндөгү тиричилик буюмдары күйдү. Адамдар жабыркаган жок. Өрттүн себеби такталууда.

Фучик көчөсүндө жайгашкан батирде үй эмеректери күйдү. Өрт электр коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Ошондой эле Ортоңку Жал кичи районундагы үйдүн короосунда көмөк чордондон өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен жанында турган «БМВ» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 52