Өлкө аймагында бир сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абал облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарынын Ленин районунда турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүнүн 10 чарчы метр жыгач шыбы жана телевизор күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жийделик айылында турак үйдүн 25 чарчы метр жер төлөсү, ичинде жыйылган отун, курулуш материалдары, унаанын төрт дөңгөлөгү жана кийим-кечелер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Чүй облусунун Жайыл районундагы Жайыл айылында турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында турак үйдүн короосунда «Газ-52» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда
Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылында турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 21 чарчы метр жыгач шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.