• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акыркы суткада 12 өрт кырсыгы катталды

20 Бештин айы 2021 9:43 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жалпы аянты 40 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн.

Жалал-Абаддын Сузак районунун Жар-Кыштак айылында жалпы аянты 200 чарчы метр курулуп жаткан турак үй, бир бодо мал, 425 түк чөп, 200 боо пахта сабагы жана 100 кг пахтанын күн жарасы (жмых) күйгөн.

Ал эми Сузак айылында шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры, эки бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Количество просмотров: 79