• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Акыркы суткада 13 өрт кырсыгы катталды

18 Жетинин айы 202210:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 14 бөлүм тартылды.

Базар-Коргон шаарында А.Текебаев көчөсүндө жол жээгинде Audi үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сузак районунун Кулбайлу айылы, Карабаев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 108чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 129