• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды

21 Бештин айы 202210:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Кемин районунун Кара-Булак айылында короодо 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын жана мончонун 30 арчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кант шаарында Жылдама кичи районундагы кичи базарда 12 чарчы метр азык-түлүк койгон тирөөчтөрү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 70