• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды

30 Үчтүн айы 2023 11:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1,Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Түп районунун Күрмөнтү айылында аянтты 85 чарчы метр болгон сарай жана 850 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жайыл районунда Бишкек — Ош унаа жолунун 61-чакырымында Opel Zafira үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 45