• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акыркы суткада 16 өрт кырсыгы катталды

3 Бештин айы 202116:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкек шаарында 3, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 3, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.

Кара-Суу районун Курбан-Кара айылында жалпы аянты 110 чарчы метр болгон 2 кабаттуу сарай толугу менен 40 түк чөп жана 100 түк жүгөрү күйгөн.

Баткен шаарында дагы аянты 280 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарай толугу менен күйгөн.

Количество просмотров: 173