• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Акыркы суткада 20 өрт кырсыгы катталды

24 Баш оона 2022 9:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 8, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1 кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Бишкек шаарындагы Шоокум көчөсүндө жолдун боюнда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын щит прибору күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй районунун Прогресс айылында Прогресс атындагы мектептин көмүр-канасында көмүр түтөгөн. Себеби такталууда.

Жети-Өгүз районунда Ак-Дөбө айылында короодо 500 түк жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 70