• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Акыркы суткада 20 өрт кырсыгы катталды

17 Баш оона 2022 10:30 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында акыркы суткада 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 10, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган. ​​​​​​

Аламүдүн районунда Лебединовка айылындагы №12 бала бакчанын кампасында 20 тонна көмүр түтөдү. Өрттүн себеби: заттардын жана материалдардын өзүнөн өзү күйүүсү.

Панфилов районунун Чалдовар айылындагы Верхняя көчөсүндө жыгач устундуу шифер менен жабылган 25 чарчы метр бастырма, 20 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Аламүдүн районунда Ленин айылында “Ак-Жол” өткөрмө пунктунун жанында жайгашкан “Ветка” фермасына таандык 30 тонна эндей чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 58