• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды

30 Баш оона 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды. бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 6, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда — 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Чолпон-Ата шаарындагы Правда көчөсүндө короодо Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен шаарында Токтогул көчөсүндө жалпы аянты 145 чарчы метр сарай толугу менен жана 6 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарындагы Дача кичи районунда болжол менен аянты 120 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 65