Кыргызстандын аймагында акыркы сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алсак:
Бишкек шаарында – 1;
Ош облусунда – 3;
Чүй облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 2;
Баткен облусунда – 1 тилсиз жоо катталган.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.