Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Германиянын клубдук күрөш боюнча чемпионатын ийгиликтүү баштады.
Жаңы сезондо кыргызстандык спортчу «Шорндорф» клубунун атынан чыкты.
14-сентябрдагы биринчи раунддун оюнунда Махмудовдун командасы “Байенфурт” клубу менен беттешти. Мелдеш 10 беттештен турду.
Махмудов 86 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, германиялык Саймон Вайшаар менен кез келди. Кыргызстандык балбан биринчи таймда мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
“Шондроф” клубу 21-сентябрда “Лихтенфельс” клубу менен беттешет.