10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматынан бошотулган Камчыбек Ташиев учурда Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда жүрөт.
Бул тууралуу маалыматты «Азаттык» Кыргызстандын Европадагы элчиликтеринин биринен тактады.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин УКМКны жетектеген.