Париж шаарындагы XVII жайкы Параолимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз курамасына колдоо сөздөрүн Париж Олимпиадасынын коло байгесинин ээси балбан Акжол Махмудов айтты.
Ал кыргыз элине кайрылып, параолимпиадачыларга колдоо көрсөтүп алар үчүн күйөрмандык кылууга чакырды.
«Спортчуларга чын жүрөктөн ийгилик каалайм. Урматтуу мекендештер бизди кандай колдоп, дуба кылып турсаңыздар, ошондой эле колдоо кылып турушуңуздарды суранып кетем», — деди балбан.
28-август Париж шаарында (Франция) XVII жайкы Параолимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Параолимпиаданын ачылыш аземи Елисей талаалары бульварын бойлой басып өтүшүп, 65 миңдей көрүүчү катышуучуларды салтанаттуу түрдө тосуп алышты.
Мелдештерге 182 өлкөдөн келген 4400 спортчу 22 спорттун түрүнөн катышат. Жалпысынан 549 медаль топтомдору ойнотулуп, иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.
Кыргызстандан төрт спортчу өлкө намысын коргойт. Алар: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг)