Коррупция боюнча айыпталып камакка алынган Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну президенттикке талапкер катары көрсөтүү үчүн 14 миллион 850 миңден ашуун адам добуш бергенин оппозициядагы Түркиянын Республикалык элдик партиясынын лидери Озгур Озел NTV телеканалына билдирди.
«Партиябыздын 1 миллион 750 миң мүчөсүнүн 1 миллион 673 миңи добуш берүүгө катышты. <…> Тилектештик үчүн урналарды түзүүнү чечтик. Бүгүн добуш берүү үчүн бюллетендер жетишсиз жана убакыт да жетишсиз болду. Тилектештик урналарда берилген добуштардын жалпы саны 13 миллион 211 миң. Экрем Имамоглу 14 миңден ашык добуш алган», — деди Озел. Ал президент Режеп Тайып Эрдоганды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырды.
Стамбулда мэрдин камалышына каршы нааразылык акциялары уланууда. Митингчилер полицияга шамана жана бөтөлкө ыргытышты. Кагылышуу учурунда алар калемпир газын колдонушкан. Президент оппозицияны «тынчтыкты бузууга» аракет кылып жатат деп айыптады.