Бүгүн, 31-январдагы Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат. Анда депутаттар маалымат берүүгө келген атайы тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн маалымат угуп жатышат.
Депутат Өмүрбек Бакиров экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматынын өкүлүнө суроо узатып, «Абдыраз» ишканасы Кыргызстанга бере турчу салыкты ким төлөөрүнө кызыкты. Депутаттын айтымында бул фирма салык катары 2 млрд сомдой бериши керек. «Эми салыкты ким төлөйт? Саймаити го өлдү» деди депутат.
Ал эми Жамгырчиев «Абдыраздын» көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы 60 пайызы Саймаитиге тийиштүү болгонун, ал эми калганы кыргызстандык Назира Турдалиевага таандык экенин айтты.
«Бирок Турдалиева сотко макул эместигин айтып кайрылган. Соттун чечиминен кийин ал жаран салыктын кайсы бир бөлүгүн төлөп берүү маселеси чечилет деди», — деди Жамгырчиев.
Депутат фирмага тийиштүү болгон Кыргызстандын аймагында жайгашкан мүлктөрдү иликтеп, таап чыгууну айтты.
Эске салсак, комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат