• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ала-Арча» жаратылыш паркына автоунааларды киргизүүгө тыюу салынат

17 Жалган куран 202517:08 Бишкек Govori.TV

«Ала-Арча» жаратылыш паркынын аймагына автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында президенттин аппаратынын администраторунун орун басары Талантбек Жунушев билдирди.

Анын айтымында, учурда парктын кире беришине 3-5 миң унаага эсептелген чоң унаа токтотуучу жай курулуп жатат.

Ал эми сейил парктын айланасын кыдырганга 14 жергиликтүү электр унаасы сатып алынат. Болжол менен 80ге жакын унаа алынат.

Транспортту сатып алууга сарптала турган сумма көрсөтүлгөн эмес.

Количество просмотров: 258