• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ала-Букада жайыт комитетинин төрагасы пара менен кармалды

11 Аяк оона 2023 10:32 Бишкек Govori.TV

Ала-Бука райондук жайыт комитетинин төрагасы пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКга Өзбекстандын жараны 9 баш бодо малын мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2 миң доллар акча талап кылып жаткан Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы К.у.К.га карата чара көрүү боюнча кайрылган.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункттунда («Опузалап талап кылуу») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран К.у.К. талап кылынган акча каражатынын бир бөлүгү 1 миң доллар өлчөмүндөгү сумманы алып жаткан жеринен кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө-абагынын убактылуу кармоочу жайына 2 айлык мөөнөткө киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 170