• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алай менен Өзгөнгө жаңы аким дайындалды

25 Баш оона 202312:23 Бишкек Govori.TV

Алай жана Өзгөн райондоруна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Кожомамбетов Азамат Асанбекович Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Ошондой эле тескеме менен Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп Апбасов Каныбек Сагынбекович дайындалды жана буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.

Количество просмотров: 204