• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алайда жер чөгүп, каттам токтоду

21 Кулжа 2022 11:14 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 20-июнда саат болжол менен 14:40та Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылында нөшөрлөп жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Октябрь айылындагы ички чарбалык жолдорду жеп, каттамды кыйындаткан. Ошондой эле чогулган Октябрь суусуна кошулуп бул айылдагы Дербиш тилкесине өтүүчү ички чарбалык жолдун болжол менен 80 метрин жууп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Гүлчө – Октябрь жолунун 15-чакырымындагы 959-жол тейлөө мекемесинин карамгындагы көпүрөдөн суу ашып, көпүрөнүн каптал беттерин суунун ташкыны жеген. Учурда көпүрөдөн өтүүгө бир тараптуу гана каттам бар, бирок бул жерде жер катмары көчүп кетүү коркунучу жаралууда.
Ошондой эле Гүлчө – Октябрь жолунун 9-чакырымынын Көк-Кыя тилкесинде жер чөгүү болуп, каттам токтоп, электр мамычалары кулап кетүү коркунучу жаралууда. Учурда Алай райондук Жарандык коргонуу кызматтары тиешелүү жумуштарды аткарууда. Жеринде оңдоо иштерин жасоого ӨКМден 3 кызматкер, 959-ЖТМден 1техника 5кызматкер тартылды.

Количество просмотров: 88