• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Алайкууга 1 метр кар жаады (сүрөт)

15 Үчтүн айы 2021 9:25 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө калың кар жаады. Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калыңдыгы 1 метрге, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80-сантиметрге жеткен.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу, 42-чакырымдан (Чаар-Арча чеги) 93-чакырымга чейин (Кыргый чеги) жол каттамы убактылуу жабылды. Аны ачуу үчүн Жол тейлөө ишканасынын 6 техникасы иштеп жатат. Аталган жолдо кечки саат 18:00дөн тартып эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү ыктымалы бар кооптуу участкалар Ичке-Суу айылынан (52-чакырымынан) тартып, Ой-Тал айылына (92-чакырымына) чейин экенин эскертет.

Количество просмотров: 122