“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн кардан жана муздан тазалоо иштерин улантууда.
Мэрия тараткан маалыматка ылайык, эртең мененки тазалоого “МАЗ” үлгүсүндөгү 25 кар тазалоочу унаа, бир “ЗИЛ”, төрт универсалдуу унаа, тротуарларды тазалоо үчүн беш “Беларусь” трактору тартылган.
“475 тонна техникалык туз пайдаланылды. Ишкананын жол-эксплуатациялоо башкармалыгынын 25 жумушчусу жана 628 тазалоочу иштеп жатат”, — деп айтылат маалыматта.