• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Александр Волкодав «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды

15 Үчтүн айы 202215:15 Бишкек Govori.TV

Орусияда ыр сынагынын жеңүүчүсү болгон кыргызстандык аткаруучу Александр Волкодав Кыргызстандын маданиятынын мыкты кызматкери болду. Наамдын төш белгисин жана өкмөттүн атынан 100 миң сомдук сертификатты 15-январда Бишкекте ырчыга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

32 жаштагы Александр Волкодав 2021-жылдын 30-декабрында Орусиянын “Биринчи каналы” уюштурган «Голос» долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон. Финалда ал «Казачья» жана «Серенада трубадура» аттуу эки чыгарманы аткарган.

Количество просмотров: 172