• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бийчи Жан Воинов “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алды

11 Жалган куран 2022 17:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минстри Азамат Жаманкулов белгилүү бийчи Жан Воинов менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушууда Азамат Жаманкулов Маданият министрлиги тарабынан бий өнөрүнө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, Жан Воиновдун бий өнөрүнө кошкон салымы жана чыгармачылык тараптан калыптануусу боюнча көз салып жаткандыгын айтып, ага бий искусствосуна кошкон салымын үчүн “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.

Өз кезегинде Жан Воинов мындай колдоо, ага дем күч бере турганын баса белгилеп, июнь айында Бишкек шаарында бий өнөрү боюнча эл аралык деңгээлде иш- чара өтө тургандыгын маалымдап, аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча баарлашты.

Количество просмотров: 384