• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Альфа» кызматынын жаңы имараты ачылды

25 Бештин айы 202515:25 Бишкек Govori.TV

УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, атайын күчтөрдүн кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн, эрдигин жана Мекенге берилгендигин белгиледи.

Ошондой эле ал жаңы имараттын иштөө шарттары жана инфраструктурасы менен таанышып, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аны менен катар «Альфа» атайын багыттагы кызматы үчүн спорт комплексинин курулушуна капсула салуу аземи да өткөрүлдү. Аталган спорттук имарат жоокерлердин физикалык жана кесиптик машыгуу системасынын маанилүү бөлүгүнө айланып, алардын ден соолугун жана согуштук даярдыгын жакшыртууга жардам берет.

Количество просмотров: 98