• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алматы шаарында «Эл башынан чириди» деген баннер илинди

2 Бештин айы 2019 9:04 Бишкек Govori.TV

1-декабрда белгисиз адамдар Алматы шаарындагы көчөлөрдүн бирине «Ел басынан шіриді» (Эл башынан чириди) деген жазуусу бар баннер илип кетишти. Бул күн Казакстанда тунгуч президенттин күнү катары белгиленип, дем алыш деп жарыяланган. Бул тууралуу centralasian.org басылмасы жазып чыкты.

https://www.instagram.com/p/B5hdUMxHCp7/?utm_source=ig_embed

Баннерди илүүгө эч ким жоопкерчилик алган жок, бирок оппозициялык топтордун бири Instagram баракчасына шаардагы адамдар өтчү көпүрөгө илинген жазуунун видеосун жарыялады.

010-жылы казак парламенти Нурсултан Назарбаевге «Элбашы» деген наам ыйгарган. Бул макам менен Назарбаев жана анын үй-бүлөсү кол тийбестикке ээ болгон.

Оппозиция Нурсултан Назарбаевдин тушунда «жеке адамдын керт башына сыйынуу» көрүнүшү кеңири жайылган деп сындап келет.

Количество просмотров: 250