• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алматыда 10 өзбекстандык эмгек эксплуатациясынан бошотулду

4 Баш оона 2022 16:03 Бишкек Govori.TV

Казакстанда жергиликтүү тургундар иштетүү максатында күч менен кармап турган Өзбекстандын 10 жараны бошотулуп, мекенине жөнөтүлдү.

«Дунё» агенттигинин маалыматына караганда, Өзбекстандын Алматыдагы башкы консулдугуна үч өзбек жараны кайрылып, жергиликтүү тургундардын тобу 10 өзбекстандыктын жеке буюмдары менен телефондорун тартып алып, күч менен жеке үйдө кармап турушканын билдиришкен.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Алматынын укук коргоо кызматкерлери менен бирге аталган жайга барып, өзбек жарандарын бошотушкан. Аларды күч менен кармап тургандарга карата «Өзүмбилемдик» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тиешелүү тергөө иш-чараларынан кийин Өзбекстандын жарандарына документтери менен жеке буюмдары кайтарылып берилип, 1-августта «Алматы-Ташкент» автобус каттамы менен мекенине жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 174