• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Алматыда активист Марат Мусин кармалды

19 Тогуздун айы 2023 17:16 Бишкек Govori.TV

19-октябрда жарандык активист Марат Мусин соттон чыгып баратканда аны полиция кызматкерлери токтотуп, райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти.

Ал сотко «атайылап жалган маалымат таратууга» айыпталып жаткан активист Назым Табылдиеванын жактоочусу катары барган.

Полиция активист Марат Мусиндин кармалышын «профилактикалык иш» деп түшүндүрүп, бул камак эмес, сүйлөшүү экенин билдирди.

Мусин өзүнүн кармалышы «аэропортту басып алуу иши» каралган сотко барганы менен байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт. 19-октябрдагы отурумга баргандар сот залына киргизилген эмес, жыйынды күтүүсүз онлайн режимде өткөрүү чечими кабыл алынган. Сотко барган активисттердин айрымдары «мыйзамсыз жыйынга катышкан» деген айып менен административдик камакка алынган.

Буга чейин чет өлкөдө жашаган казак оппозициячысы, мурунку банки Мухтар Аблязов тарапташтарын 25-октябрда митингге чыгууга чакырган. Казак бийлиги «экстремисттик уюмдун» митинг өткөрүшүнө уруксат бербей турганын маалымдаган.

Бир күн мурун «Ар.Рух.Хак» коомдук фондунун жетекчиси, укук коргоочу Бакытжан Төрегожина 25-октябрда митинг болору кабарлангандан бери жарандык активисттерди, укук коргоочуларды кармоо күчөгөнүн жазган.

Количество просмотров: 110