• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алматыда байкоочулардын укуктарын коргоп акцияга чыккан активистке айып пул салынды

26 Теке 2022 12:33 Бишкек Govori.TV

Алматыда сот шайлоо мыйзамдарына сунушталган өзгөртүүлөргө каршы пикетке чыккан активист Данияр Супиевди 153 150 теңге ($317,7) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди. Ал «Тынч жыйындарды өткөрүү тартиптерин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Супиев сот өкүмү менен макул эмес экенин билдирди. «Мен пикет өткөрүү ниетим тууралуу акимчиликке жазуу түрүндө кабарлагам. Бирок бүгүнкү күнгө чейин расмий жооп ала элекмин», – деди ал.

Активисттин тарапташы Айгерим Тлеубаева «Медазона» басылмасына пикет өткөрүү тууралуу кабар акимчиликке 20-июлда берилгенин билдирди.

Супиев шайлоо мыйзамдарына сунушталган өзгөртүүлөргө каршы акцияга 24-июлда чыккан. Анда ал журналисттерге өзгөртүүлөр кабыл алынса Казакстанда көз карандысыз байкоо жүргүзүү жок болорун айткан.

«Бул өзгөртүүлөр байкоочулардын укуктарын аябай чектейт. Көз карандысыз байкоочуларды жөнөтө турган уюмдар эми атайын аккредитациядан өтүшү керек деген норма жеке мага жакпайт. Менимче, шайлоолорго мындай жол менен байкоо салдыруу туура эмес. Бул өзгөртүүлөр кабыл алынса, Казакстанда көз карандысыз байкоо жүргүзүү жок болот. Мен бул өзгөртүүлөр жок дегенде толукталып чыгышын талап кылам», – деген Супиев.

Акция башталганына жарым саат болгондон кийин полиция кызматкерлери Супиевди кармап кетишкен. Медиазонанын» маалыматына караганда, Бостандык райондук полиция бөлүмүндөгү эки сааттык сурактан кийин ал үйүнө кое берилген.

Количество просмотров: 103