• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Алматыда бейтаптарга ВИЧ жуктургандар жазаланат

16 Кулжа 2023 9:12 Бишкек Govori.TV

Казакстандын саламаттык сактоо министри Ажар Гиният Алматынын борбордук шаардык клиникалык ооруканасында үч бейтапка адамдын иммундук жетишсиздик вирусунун (ВИЧ) жугушу боюнча түшүндүрмө берди.

Ал жазалоо тууралуу айтуу эрте экенин белгилеп, бирок “күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылат” деп ишендирди.

“Текшерүү жүрсүн. Анын жыйынтыгы менен мыйзам бузуу кайсы баскычта орун алганы, ким күнөөлүү экени белгилүү болот. Күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылат”, — деп жооп берди Гиният.

14-июнда Алматы шаардык клиникалык ооруканасында үч бейтап адамдын иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) жуктуруп алганы белгилүү болгон. Маалыматка караганда, кан куюлгандан бир ай өткөндөн кийин бейтаптар ВИЧ-инфекциясына карата текшерүүдөн өтүп, ошол учурда оң жыйынтык чыгып калган.

Количество просмотров: 74