• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алматыда Elmedia редакциясы жайгашкан имараттын терезесин талкалап кетишти

14 Тогуздун айы 2022 17:22 Бишкек Govori.TV

14-октябрда Алматыдагы бизнес-борборлордун биринин кызматкерлери белгисиз кишилер терезени сындырып, эшиктин бетине «Elmedia. Kz News» деп жазып кетишкенин көрүшкөн. Бул имаратта Elmedia редакциясы жайгашкан.

«Полиция келди, бирок бул жөн гана бейбаштык же балдардын шоктугу эмес экени азыр эле белгилүү. Бул бизге – журналисттерге агрессивдүү эскертүү. Шек жок – бул кол салуу, муну ЖМКларга болгон башка чабуулдардын тизмесинде кароо керек», — деп жазды редакция telegram-каналына.

14-октябрда Elmedia басылмасынын башкы редактору Гүлжан Ергалиева Фейсбуктагы баракчасына Orda менен Elmedia сыяктуу маалымат ресурстарын гана эмес, коомдо көйгөйлүү маселелерди чагылдырган айрым активист жарандарды да коркутуп-үрктүтүү башталганын жазган. Ал муну миллиарддарды чыгарып кеткен мурдагы төбөлдөрдүн же Казакстандагы сөз эркиндиги жакпаган түндүктөгү коңшулардын атайын кызматтарынын иши болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

Ергалиева Коопсуздук кеңешин өлкөдө туруксуздукту жаратууну көздөгөн ири кылмыштарды болтурбоо үчүн бул сыяктуу иштер менен алектенүүгө чакырган.

«Адил сөз» уюму билдиргендей, буга чейин Elmedia сайты DDoS чабуулга кабылган.

Өткөн аптада Orda.kz басылмасы белгисиз бирөө редакцияга чочконун башы салынган кутуча жөнөткөнүн билдирген.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун «Сөз эркиндигинин индексинде» Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга жайгашкан. Уюм өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин абалын оор деп баалайт.

Количество просмотров: 123