• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алматыда Elmedia редакциясына кайрадан чабуул жасалды

23 Жетинин айы 2022 16:09 Бишкек Govori.TV

Elmedia YouTube-каналынын редакциясы 23-ноябрга караган түнү белгисиз кишилер редакциянын кеңсеси жайгашкан административдик имараттын тамбурунун терезелерин талкалап кеткенин билдирди.

“Бул жолу экинчи катардагы терезелер сынган”, — деп айтылат билдирүүдө. Видео Elmediа telegram-каналында жарыяланды.

20-ноябрга караган түнү – президенттик шайлоо болор алдында белгисиз кишилер тышкы каалганын айнектерин талкалап кетишкен.

Октябрдын ортосунда буга окшош эки окуя болгон. Анда имараттын кире беришине: “Elmedia. Kz News” деп жазып кетишкен. Редакция муну кызматкерлерди коркутууга багытталган чабуул катары баалаган.

Редакция полиция эч кандай жыйынтыгык чыгарбай жатканын белгилейт белгилейт.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун «Сөз эркиндигинин индексинде» Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга жайгашкан. Уюм өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин абалын оор деп баалайт.

Количество просмотров: 100