• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Алматыда митингге чыккан жүздөгөн адам кармалды

4 Үчтүн айы 2022 21:55 Бишкек Govori.TV

Алматы шаарынын ар кайсы бөлүгүндө нааразылыкка чыккан адамдар кармалууда.

Маалым болгондой, “Алматы Арена” аянтчасына биринчи топтун жетекчиси Жанболат Мамай баштаган миңге жакын адам жыйналган болчу. Чогулгандар бийликти сынга алып, элдин жашоо-шартын оңдоону талап кылышкан. Алар Маңгыстау жана Жаңы-Өзөн аймагында чогулгандарга колдоосун билдиришкен. Полиция чогулгандарга бир аз байкоо салып тургандан кийин аларды кармап, күч менен автоунааларга сала башташкан.

Экинчи топ биринчи президенттин атындагы паркы тараптан жүрүшкө чыгып, Жаңы-Өзөн жана Актаудагы нааразылыктарды колдой турганын билдирип чыгышкан. Аларды да полиция колун кайрып, жерге басып, кармап кеткен. Кармалгандар Алматынын Ауэзов жана Бостандык райондук полиция бөлүмдөрүндө жеткирилгени маалымдалды.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат. 4-январда митингдер Актөбө, Караганды, Атырау жана башка шаарларда да уланды. 

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 126