• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алматыда Назарбаевдин сөөгү жерге берилди

14 Жетинин айы 202313:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-ноябрда Алматы облусунун Карасай районундагы Шамалган айылында Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевдин сөөгү жерге берилди. Болат Назарбаев 13-ноябрда, 71 жашка караганда көз жумган.

«Азаттыктын» казак кызматы тажия өтүп жаткан үйдө полиция жүргөнүн, сөөктү жерге берүү зыйнатын тасмага тартууга уруксат берилбегенин маалымдады.

Маркумдун жакындарынын бири Казакстандын экс-президенти тажияга бир күн мурун келгенин журналисттерге билдирди. Анын сөзүнө караганда Болат Назарбаевдин сөөгү туулуп-өскөн Шамалган айылындагы үй-бүлөлүк кабырга коюлду.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 375