• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Алматыда полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгону кабарланды (видео)

5 Үчтүн айы 2022 1:14 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Алматы шаарындагы Эгемендик аянтына жакын аймакка чогулган миңдеген демонстранттарга полиция көздөн жаш чыгаруучу газга окшогон зат колдонду.

Маалыматкаылайык, Алматыдагы Ала-Тоо театрынын жанында митингчилер менен полиция кагылышкан. Андан соң демонстранттар шаардагы Эгемендик аянтына бет алышкан. Учурда Алматыда мобилдик интернет иштебей жатат. Социалдык тармактарга кирүүгө да бөгөт коюлган.

Телеграм каналдарында Алматыда тартылганы айтылган видеолор жарыяланууда. Алардан шаарда кулак тундуруучу граната сыяктуу аскердик каражаттардын добушу угулуп жатат.

Казакстандын Мангыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер 2-январда башталган. Соңку эки күндөн бери бул митингдерди колдогон акциялар Казакстандын бир топ шаарларында өтүп, бийликтин отставкасын, жашоо-шартты жакшыртуу жана башка талаптар айтылууда.

4-январда казак полициясы Нур-Султан, Алматы баштаган бир нече шаарда акцияга чыккан ондогон адамдарды кармады.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев газдын баасы 120 тендеген 50 теңгеге түшүрүлө турганын айтып, демонстранттарды “деструктивдүү күчтөрдүн чакырыгына алдырбоого” үндөдү.

Теги:
Количество просмотров: 1498