• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алматыда референдумдагы мыйзам бузуулар боюнча доо арыз канааттандырылган жок

28 Кулжа 2022 11:50 Бишкек Govori.TV

27-июнда Алматы шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы “Көз карандысыз байкоочулар” коомдук бирикмесинин апелляциялык арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу бирикменин төрагайымы Арайлым Назарова кабарлады.

Арайлым Назарованын айтымында, уюм Казакстан Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 5-июнда өткөн жалпы референдум учурунда Алматы шаарындагы бир катар шайлоо тилкелеринде мыйзам бузулганы тууралуу аппеляциялык арыз жазган.

Жети даттануунун ичинен экөө боюнча гана апелляциялык арыз тапшырганбыз, себеби талашсыз далилдерибиз болгон. Бир эле аял эки шайлоо тилкесинде добуш бергенин аныктаган видео бар. Экинчисинде, санак учурунда пайдаланылбаган бюллетендер кошулуп калган. Колубузда жеткиликтүү далилдер болсо да, апелляциялык сот экөөнү тең канааттандырган жок, — деди ал.

Бул даттанууларды биринчи соттук инстанция да канааттандырган эмес.

Анын айтымында, бул арыз боюнча референдум комиссиясынын жооптуу адамдарына Кылмыш кодексинин “Шайлоо жана референдум документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес эсептөө” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоого болот. Бул беренеде кылмыш жасаган кишини төрт жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мындан тышкары бир эле учурда эки шайлоо тилкесинде добуш берген аялга “Тең шайлоо укугу тууралуу талапты бузуу” беренеси боюнча 25 айлык эсептик көрсөткүчтө айып пул салуу каралган.

Көз карандысыз байкоочулар 5-июнда өткөн референдум бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришкен. Байкоочулар документи жок адамдарга референдумга катышууга уруксат берилген, жакын туугандары үчүн бюллетень алган жана бюллетендерди топ-тобу менен урнага таштаган учурларды катташкан.

Количество просмотров: 60