• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеңеш президент демилгелеген референдум жөнүндө мыйзамды кабыл алды

28 Бугу 202614:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева белгилегендей, мыйзам долбоору референдум жөнүндө колдонуудагы мыйзамды 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2021-жылдын 5-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган.

Эмне өзгөрдү?

Референдумга электрондук добуш берүү мүмкүнчүлүгүнүн киргизилиши олуттуу өзгөрүүлөрдүн бири болуп саналат.

Ошондой эле референдум маселесин козгоо талаптары да өзгөрүүдө. Мыйзамдын эски редакциясында ар бир жаран же жарандардын тобу Жогорку Кеңешке референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун киргизүү үчүн кол тамгаларды чогултуу максатында 10 адамдан кем эмес демилгелүү топ түзө алышкан. Жаңы редакцияда демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны 100 адамга чейин көбөйтүлдү.

Ошондой эле, колдонуудагы мыйзамга ылайык, президент мамлекеттик маанидеги башка маселелер боюнча референдумду өз демилгеси менен же 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси менен, же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси менен дайындоо жөнүндө чечим кабыл ала алган. Жаңы редакцияга ылайык, референдум маселесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү козгой алат.

Количество просмотров: 163