• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Алматыда Январь курмандыктарына арналган мемориал ачылды

23 Бештин айы 2022 18:30 Бишкек Govori.TV

Алматыда Январь курмандыктарынын элесине арналып тургузулган мемиориалдын ачылышы президент Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда өтө турганы 23-декбарь күнү эртең менен чукул айтылды.

Республика аянтынын айланасына полициячылар топтолуп, адамдар автобус менен алып келинди. Алардын арасында бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери да бар.

Күч кызматкерлери аккредитациялары жок экенин айтып, «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчыларын иш-чара боло турган жерге өткөргөн жок. Иш-чара алдын ала жарыяланбагандыктан аккредитация маселеси көтөрүлгөн эмес.

Мамлекеттик каналдар жарыялаган кадрлардан трибунада сөз сүйлөп жаткан Касым-Жомарт Токаевди, мемориалга гүл койгон кишилерди көрүүгө болот. Композициянын автору ким экени белгисиз. Мемориалдын плитасында казак жазуучуларынын, акындарынын, публицисттеринин жана агартуучуларынын сөздөрү жазылган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери быйыл 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 228ге жеткен.

Казакстандагы Январь окуялары боюнча жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган. Алардын көпчүлүгү кийин кайра бошотулган.

Количество просмотров: 208