• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алматыдагы атышууда 5 киши каза болду

21 Аяк оона 20219:05 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Алматы шаарында болгон атышууда 5 киши каза болгонун полиция департаменти билдирди.

Окуя эки полиция кызматкери, сот аткаруучу жана эки жаран соттун чечими менен үйүн алдырып жиберген адамдын үйүнө келгенде болгон. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге ок аткан.

«Кылмышка шектүү кармалып, кырдаал көзөмөлдө»,-деп билдирди полиция.

Башка жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Казакстанда насыясын төлөй албай калып, сотто утулуп калгандарды күчтөп чыгарган учурлар соңку жылдары көп катталып келет.

Количество просмотров: 511