Алматы шаарындагы башаламандыкта 4 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.
Маалыматка караганда, Айдос Мелдихандын 4 жаштагы кызы Коркемайга 6-январь күнү кечинде унаада келе жатканда башына ок тийген. Алар алар азык-түлүк алууга чыгып, аянттын жанынан өтүшкөн. Унаанын ичинде бир тууганы жана анын эки баласы болгон. Алар жаракат алышкан. Анын бири 9-класстын окуучусу, ал учурда жандандыруу бөлүмүндө.
Белгилей кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган.
Президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөттү.