Алматыдагы башаламандыктан кийин 190 адам медициналык мекемелерге кайрылган. Анын ичинен 137 милиция кызматкери, 53 жай тургун жабыркаган. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги шаардын саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматына таянып жазды.
«Медициналык мекемелерге жалпы 190 адам кайрылган, анын ичинен 150ү тез жардам кызматына, 40ы өз алдынча кайрылган. Учурда 40 адам ооруканага жаткырылып, анын ичинен 7 жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө, аталгандардын ичинен төртөө милиция кызматкерлери», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды.
Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Мекеменин маалыматына караганда, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Ошондой эле 95 полиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа жабыркаганы айтылды.