• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык келе жатат

11 Үчтүн айы 2022 13:33 Бишкек Govori.TV

Алматыдан Бишкекке 150дөн ашык кыргызстандык алынып келе жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов тастыктады.

Ал мекенине кайтууну каалаган ар бир жаранга жардам берилерин билдирди. Буга чейин ондогон кыргыз жарандары Казакстандан эвакуацияланганын кошумчалаган.

«Кыргызстандыктар 2 чоң автобус, 2 бус жана 3 жеңил унаа менен келе жатат. Жана ошондой эле бир жүк ташуучу бус өлкөгө келет», — деген ал.

Кошумчалай кетсек, Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол күнү Бишкекке кайтып келген. Буга чейин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген.

Количество просмотров: 338