Казакстандын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин коронавирус жуктурду. Бул тууралуу өзү билдирди.
Бекшиндин айтымында, ооорусу симптому жок өтүп жатат.
«Бул COVID-19, бирок симтому жок формада. Мен аралыктан иштөөнү улантып жатам. Ооруп, жатып калууга убакыт жок», — деди ал.
Буга чейин Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге да коронавирус жуккканы эл башынын расмий сайтында жарыяланган. Маалыматта анын абалы боюнча тынчсызданууга негиз жоктугу тууралуу айтылган.