Экс-президент Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө барып эс алып, кайра бүгун кайтып келди. Кайсы өлкөгө баргандыгы тууралуу так маалымат жок. Айрым маалыматтарда ал Азия өлкөлөрүнүн бирине барганы айтылууда.
Алмазбек Атамбаев президент кезинде аябай чарчап жүргөндүгүн, айрым саясатчылар менен журналисттер чачын агартып, канын ичип жибергендигин, кызматтан кетээри менен эс алаарын айткан.