• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Алты баланын өлүмү: Милиция айдоочуну кармады, ал мас болгон

21 Кулжа 2024 6:38 Бишкек Govori.TV

20-июнда Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл аймагынын Алтын айылында автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты баланын өмүрү кыйылганы кабарланды.

Чүй облустук милициясы жүрөк үшүн алган кырсык боюнча маалымат берди.


Ага ылайык, аталган эки үй-бүлө балдары менен Жайыл районунун Алтын айылындагы №3 чөмүлүүгө тыюу салынган көлмөгө келип, сууга түшүшкөн.

Маалыматтарга ылайык, кырсык саат 18:00дөр чамасында катталган. Машиненин ичинде 11 адам болгон. Бир эркек киши (айдоочу), эже-сиңдилер жана алардын балдары. Кырсыктан эки үй-бүлөдөн үчтөн бала – жалпы алты бала каза тапкан.


Ошол жерден 40 жаштагы айдоочу Г.Т. ичимдик ичкен. Анан үйүнө кайтып жатканда бурулуштагы дөңсөөдөн унаасы оодарылып, сууга түшүп кеткен. Жаш балдар суудан чыга албай, чөгүп кетип каза болушкан.

Кырсыктан каза болгондордун тизмеси:

  • 2015-жылы туулган Б.В.
  • 2018-жылы туулган Б.А.
  • 2019-жылы туулган Б.Д.
  • 2016-жылы туулган Б.В.
  • 2020-жылы туулган Б.Т.
  • 2018-жылы туулган Б.К

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, үй-бүлө башчысы болгон айдоочу кармалды.

Количество просмотров: 3937