• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Жукеев-Пудовкин көчөсүндө унаа кыймылына чектөө кирди

14 Бугу 2024 13:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында Жукеев -Пудовкин көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагы реконструкциядан өткөрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындан улам Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров жана Кулатов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

«Учурда асфальтты ачуу иштери жүрүп жатат. Жумушту бир нече подряддык уюм аткарууда. Реконструкциянын алкагында жалпы узундугу 845 метрди түзгөн 700 мм диаметрдеги эскирген түтүктөр 900 мм диаметрдеги жаңы түтүктөргө алмаштырылат. Жылуулук тармагынын бул бөлүгү 1985-жылы колдонууга берилип, 39 жылдан бери иштеп келген», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандардга каттамды алдын ала пландап алууну жана коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.

Количество просмотров: 65